Түркияда коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 64 киши көз жумду.

1597434
Түркияда коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 64 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 29 миң 94 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 139 миң 429 тест жасалып, 767 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 13 миң 215 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 8 миң 106 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 632 миң 30га жогорулады.



Тектеш кабарлар