Президент Эрдоган шейиттин үй-бүлөсү менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бул тууралуу Амасия Губернаторлугунан маалымат бөлүшүлдү.

1596569
Президент Эрдоган шейиттин үй-бүлөсү менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Битлистин Татван районунда тик учактын кулашынан шейит болгон жөө аскерлердин адис сержанты Хакан Гүлдүн Амасиядагы үй-бүлөсү менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Амасия Губернаторлугунун билдирүүсүнө ылайык, Адилет жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Измирден эл өкүлү Бинали Йылдырым, Амасиянын Догантепе айылындагы жөө аскерлеринин адис сержанты шейит Хакан Гүлдүн үйүнө барганда президент Эрдоганга телефон чалып шейиттин үй-бүлөсү менен сүйлөштүрдү.

Жолугушуу тууралуу бөлүшүлгөн сүрөттөрдө шейиттин жубайы Фадиме Гүл менен сүйлөшкөн Эрдоган:

«Жаткан жери жайлуу болсун, Аллах сабыр берсин, шейиттерибиздин балдары бизге аманат болот, биз дагы кудай буюрса, өз милдетибизди аткарабыз»,-деди.

Гүл Эрдоганга кабар алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Сапарга Амасиянын губернатору Мустафа Масатлы жана АК партиянын Амасия эл өкүлү Левент Карахожагил дагы катышты.

5-мартта Бингөлдөн Битлистин Татван районуна учуп чыккан аскердик тик учак мурунку күнү кырсыкка кабылышынын себебинен 11 аскер шейит болуп, 2 аскер жаракат алган.



Тектеш кабарлар