Ирандан Түркияга кирүүгө аракет кылган террорист кармалды

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер эсебинде жарыяланды.

1596699
Ирандан Түркияга кирүүгө аракет кылган террорист кармалды

Ирандан Түркияга кирүүгө аракет кылган террорист Ванда кызмат өтөгөн Чек ара бүркүттөрү тарабынан кармады.

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ), Ирандан Түркияга кирүүгө аракет кылган жикчил террордук уюм ПККга мүчө террористтин кармалып Жандармериянын күзөт пунктуна өткөрүлүп берилгендигин билдирди.

Министрликтин Твиттер эсебинде жарыяланган билдирүүсүндө, «Ванда кызмат өтөгөн Чек ара бүркүттөрүбүз тарабынан Ирандан өлкөбүзгө кирүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган ПКК террористи Жандармериянын коопсуздук пунктуна тапшырылды»,деген сөздөр камтылган.

 



Тектеш кабарлар