Эрдоган Меркель менен видеоконференция форматында жолугушуу өткөрдү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, эки лидер Түркия-Германия карым-катнаштарын жана аймактык маселелерди талкуулашты.

1596052
Эрдоган Меркель менен видеоконференция форматында жолугушуу өткөрдү
Cumhurbaşkanı Erdoğan Almanya Başbakanı Merkel Video Konferans1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Германиянын канцлери Ангела Меркель менен видеоконференция форматында жолугушуу өткөрдү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, эки лидер Түркия-Германия карым-катнаштарын жана аймактык маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент Эрдоган Германиянын канцлери Меркель менен үзгүлтүксүз байланышты жана диалогду улантууга чоң маани берерин айтты.

Түркиянын коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясына каршы күрөштү чечкиндүү улантып, бара-бара баскычтуу түрдө жана көзөмөл менен калыбына келүү процессин башташканын, эмдөө программасын дагы ылдам улантып жатышканын айткан президент Эрдоган, оң жылыштар менен бирге апрель айында туризмдин тоскоолдуксуз жана коопсуз түрдө баштала турганына ишенгенин маалымдады.

Президент Эрдоган, айрыкча Сирияда гуманитардык жардамга муктаж болгон миллиондогон сириялыктарды чыныгы түрдө коргогон жана жардам көрсөткөн жалгыз өлкө Түркия экендигин баса белгилеп, өз ыктыяры менен мекенине кайтууларга жардам бериш үчүн Европа Биримдигинин каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүшү керектигине көңүл бурду.

Ошондой эле 18-март Меморандумунун жаңыланышы темасына токтолгон Президент, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Эгей маселеси боюнча конструктивдүү позициясын сактоосун улантканын айтты.

Бул арада Эрдоган Ливиядагы жаңы өкмөттүн ишеним добушун алып, өз милдетин тез арада баштоосу приоритеттүү тема экендигин билдирди.

Жолугушууга тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, Президенттиктин коммуникация бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун жана Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын дагы катышты.



Тектеш кабарлар