Түркия Түндүк Кипрге дагы 20 миң доза вакцина жөнөттү

Бул вакциялар менен бирге Түркия тарабынан ТКТРга жөнөтүлгөн вакциналардын саны 100 миңге жетти.

1594950
Түркия Түндүк Кипрге дагы 20 миң доза вакцина жөнөттү

Түркия коронавируска (Ковид-19) каршы күрөштүн алкагында Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) дагы 20 миң дозадан ашуун Синовак вакцинасын жеткирди.

Вакциналарды ташыган Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин тез жардам учагы, жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:30да Эржан аэропортуна конду. Вакциналар Түндүк Кипрдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине тапшырылды.

Бул вакциялар менен бирге Түркия тарабынан ТКТРга жөнөтүлгөн вакциналардын саны 100 миңге жетти.

Вице-президент Фуат Октай кечээки билдирүүсүндө КТРКга дагы 20 миң Ковид-19 вакцинасын жөнөтө тургандарын айткан болчу.



Тектеш кабарлар