Террордук уюмга февралда катуу сокку урулду

Коопсуздук күчтөрү, ийгиликтүү операциялар менен террористтердин оюнун бузду.

1594936
Террордук уюмга февралда катуу сокку урулду

Террордук уюм ДЕАШка каршы таасирдүү жана чечкиндүү күрөшүн улантып жаткан Түркия, өткөн айда өлкөнүн ичиндеги операциялары менен уюмга чоң сокку уруп, террористтердин пландаган кыймылдарына коопсуздук күчтөрүнүн ийгиликтүү аракеттеринин негизинде бөгөт коюлду.

Коопсуздук күчтөрү, жүргүзгөн ийгиликтүү операциялар менен Стамбул, Анкара жана Адана баш болгон көптөгөн шаарларга кандуу кол салууларды пландаган террористтердин оюнун бузду.

Февраль айында полиция, жандармерия жана чек ара бөлүктөрү жүргүзгөн операцияларда 165 шектүү кармалып, уюмга таандык көптөгөн документтер, курал-жарактар жана ок-дарылар табылды.

Камакка алынган шектүүлөрдүн 55и камакка алынды.

Кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары депортацияланып, кээ бирлеринин сот жараяны уланып жатат.



Тектеш кабарлар