Варанк:«Пандемияга карабастан жылды оң өсүш менен жыйынтыктадык»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, бул жылы Евразияда өткөн Жогорку билим берүү саммитинде (EURIE) видеоконференция ыкмасы менен сөз сүйлөдү.

1594515
Варанк:«Пандемияга карабастан жылды оң өсүш менен жыйынтыктадык»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Түркиянын жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) эпидемиясын эң аз зыян менен өткөргөн өлкөлөрдүн бири болгонун айтты.

Бул жылы Евразияда өткөн Жогорку билим берүү саммитинде (EURIE) видеоконференция ыкмасы менен сүйлөгөн сөзүндө, билим берүүдөн технологияга чейин пандемия мезгилинде ташталган кадамдарды түшүндүргөн Варанк, көптөгөн өлкөлөрдө заводдордун жабылганына карабастан Түркияда мезгил минималдуу зыян менен ашылып өтүлгөнүн белгиледи.

Министр Варанк, жуманын башында жарыяланган 2020-жылдын өсүш көрсөткүчтөрүнө шилтеме берип, «Пандемияга карабастан, биз жылды оң өсүш менен аяктаган экинчи ири экономика болууга жетиштик»,-деди.

Жалгыз гана ички муктаждыктарды канагаттандырып эле калбастан, чет өлкөгө убадаларынын толугу менен аткарылгандыгын айткан Варанк, ушул ийгиликтердин натыйжасында дүйнө жүзүнүн ар тарабындагы инвесторлордун Түркияга кызыгуусу артканын маалымдады.



Тектеш кабарлар