Хажеттепе университети: SinoVac вакцинасынын эффективдүүлүгү 83,5 пайыз

Хажеттепе университетинде өткөрүлгөн маалымат жыйында, вакцинанын кошумча таасирлери, натыйжалуулук көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1594232
Хажеттепе университети: SinoVac вакцинасынын эффективдүүлүгү 83,5 пайыз

Кытайдын SinoVac компаниясы тарабынан коронавируска  каршы иштелип чыккан вакцинанын Түркиядагы 3-фаза жыйынтыктары жарыяланды.

Ага ылайык вакцинанын эффективдүүлүгү 83,5 пайызды, ооруканага жатып алууну алдын алуу көрсөткүчү 100 пайызды түздү.

Хажеттепе университетинде өткөрүлгөн маалымат жыйында, вакцинанын кошумча таасирлери, натыйжалуулук көрсөткүчтөрү проф. др. Серхат Үнал жана проф. др. Мурат Акова тарабынан жарыяланды.

Буга караганда изилдөөнүн алкагында 10 миң 250 кишиге вакцина жана плацебо (бош вакцина) сайылды. Вакцинанын эффективдүүлүгү 83,5 пайызды түздү. Ооруканага жатып калууну алдын алуу көрсөткүчү болсо 100 пайызды түздү.

Изилдөө учурунда вакциналарды алгандарда дагы бош вакциналарды алгандарда дагы өлүм катталган жок.

Кытай вакцинасы Синовактын эң көп кездешкен терс таасирлери; 9,8 пайыз чарчоо, 7,6 пайыз баш оору, 3,8 пайыз булчуң оорусу, 2,5 пайыз дененин табынын көтөрүлүшү, 2,4 пайыз чыйрыгуу жана 1,6 пайыз ийне сайылган жерде оору деп билдирилди.

Алгачкы убактылуу жыйынтыктарды Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа жарыялаган болчу. Анын натыйжалуулугу алдын ала жыйынтыктар боюнча 91,25 пайыз деп билдирилген.



Тектеш кабарлар