Февраль айында 126 террорист жок кылынды
Коопсуздук күчтөрү, террордук уюм ЙПГ/ПККга февраль айында да оор сокку урду.
Аба ырайынын катаал шарттарына карабастан жумалар бою талаада калып операцияларын уланткан коопсуздук күчтөрү, террордук уюм ЙПГ/ПККга февраль айында да оор сокку урду.
Түркиянын тынчтык, бейпилдик жана коопсуздугун бузуу үчүн жарандарды атүгүл балдар менен ымыркайларды бутага алуудан коркпогон террордук уюм ПКК/ЙПГге каршы февраль айында өлкөнүн ичинде жана тышында жүргүзүлгөн операцияларда 126 террорист жок кылынды.
Бир тараптан, 2021-жылы ынандыруу жолу менен багынып берген террордук уюм ПКК/ КЖКнын мүчөлөрүнүн саны 27-февралдан тарта 31ге жетти.
Ички иштер министрлиги тарабынан январь айында башталган "Эрен" операциялары да уланып жатат.
Ушул алкакта Битлис, Сиирт, Тунжели, Хатай, Османие, Газиантеп, Хаккари жана Шырнакта да жаңы операциялар башталды.
Тектеш кабарлар
Тышкы иштердин «Түрк дипломатиялык архив документтеринде улуттук күрөш дипломатиябыз» басылмасы
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги, X социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө маалымат берди.