Афринде террордук кол салуу болду

Кол салууда 1 жаран каза болуп, 3 жаран жаракат алды.

1594464
Афринде террордук кол салуу болду

Сириянын түндүгүндө оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Африн районуна караштуу Жиндерес аймагында бомба жайгаштырылган унаа менен жасалган террордук кол салууда 1 жаран каза болуп, 3 жаран жаракат алды.

«Зайтун бутагы»  операциясында террордон тазаланган Жиндерес аймагында унаага жайгаштырылган бомба жардырылды.

Терррдук кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 1 жаран каза болуп, 3 жаран жаракат алды.

Айланада материалдык чыгым болуп, жаралуулар аймактагы ооруканаларга алып барылды. Кол салуулар тууралуу иликтөө жүргүзгөн коопсуздук күчтөрү кол салуунун ПКК террордук уюмдун жасагандыгына токтолушууда.

Жиндерес аймагынын борбору 2018 -  жылы 8 -  мартта «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде ЙПГ/ПКК террордук уюмдан тазаланган.



Тектеш кабарлар