Мевлүт Чавушоглу ЕККУнун Украина атайын байкоо миссиясынын түрк делегациясы менен сүйлөштү
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу миссияны колдошорун билдирди.
1593625
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюму ЕККУнун Украина атайын байкоо миссиясынын түрк делегациясы менен видеоконференция аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу твиттерден берген маалыматында : «ЕККУнун Украина атайын байкоо миссиясынын түрк делегациясы менен видеоконференция аркылуу сүйлөшүү өткөрдүк. Ийгиликтүү иштери менен чыңалуунун түшүрүлүшүнө салым кошууда жана туруктуулуктун пайдубалын даярдап жатышат. Миссияны колдоону улантабыз»,- деди.