Эрдоган адам укуктары боюнча иш-аракеттер планын жарыялады
Президент Эрдоган Бештепедеги Миллет конгресс жана маданият борборунда Адам укуктары боюнча иш-аракеттер планынын жарнамалык жолугушуусунда сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Адам укуктары боюнча иш-аракеттер планын даярдоодо улуттун муктаждыктары жана талаптары негизги аныктоочу фактор экендигин айтты.
Президент Эрдоган Бештепедеги Миллет конгресс жана маданият борборунда Адам укуктары боюнча иш-аракеттер планынын жарнамалык жолугушуусунда сөз сүйлөдү.
Адам укуктары боюнча иш-аракеттер планынын 2 жылдык мөөнөттө жүзөгө ашырылуу үчүн даярдалгандыгын баса белгилеген Эрдоган: « Көз карашы эркин адамдарды, күчтүү жамааттарды, демократиялуу Түркия деп аныкталган иш-аракет планынын 11 негизги принциптер менен башталат»,-деди.
Эрдоган бул принциптердин алдыңкы 3 сапатын төмөнкүчө тизмектеди:
1- Адам өзүнүн ажырагыс укуктары менен жашайт. Мамлекеттин негизги максаты жана милдети - ушул укуктарды коргоо жана өнүктүрүү.
2- Адамдын кадыр-баркы, бардык укуктардын маңызы катары, мыйзамдын натыйжалуу корголушу астында турат.
3- Тилине, расасына, түсүнө, жынысына, саясий көз карашына, философиялык ишенимине, динине, мазхабына жана ушул сыяктуу себептерге байланыштуу эч кандай басмырлоосуз, бардыгы мыйзам алдында бирдей.
Президент Адам укуктары боюнча иш-аракеттер планынын 9 максатын төмөнкүчө тизмектеди:
1- Адам укуктарын коргоо тутумунун күчтүү болушу.
2- Соттордун көзкарандысыздыгын жана акыйкат сот укугун бекемдөө.
3- Укуктук алдын ал көрө алуу жана ачыктык.
4- Сөз эркиндигин, уюмдашуу жана дин тутуу эркиндигин коргоо жана өнүктүрүү.
5- Жеке эркиндикти жана коопсуздукту чыңдоо.
6- Адамдын жеке жашоосунун материалдык жана руханий бүтүндүгүн камсыз кылуу.
7- Менчик укугун кыйла натыйжалуу коргоо.
8- Алсыз топторду коргоо жана социалдык жыргалчылыкты чыңдоо.
9- Адам укуктары боюнча жогорку деңгээлдеги административдик жана социалдык маалымдуулук.