Чавушоглу Азербайжандын маданият министри менен жолукту

Чавушоглу, оккупациядан зыян тарткан Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагындагы маданий мурастарды калыбына келтирүү үчүн Түркиянын ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн айтты.

1593414
Чавушоглу Азербайжандын маданият министри менен жолукту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжандын маданият министри Анар Керимов менен жолугушту.

Министрликтеги жолугушууга Твиттердеги баракчасынан баа берген Чавушоглу, оккупациядан зыян тарткан Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагындагы маданий мурастарды калыбына келтирүү үчүн Түркиянын ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн айтты.

Чавушоглу: «Биз ЮНЕСКО (Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, Илим жана Маданият Уюму) баш болгон эл аралык платформаларда (Азербайжандын) адилеттүү доосунун артында турабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар