Ирандын Түркиядагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Тышкы иштер министрлиги, Ирандын Түркия тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы күрөштүн каршысында эмес, жанында орун алышынын күтүлүп жаткандыгын билдирди.

1592245
Ирандын Түркиядагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Ирандын Түркиядагы элчиси Мухаммед Феразменд, өлкөсүнүн Ирактагы элчиси Ираж Масжединин Түркияны Ирактын эгемендигин бузууда деген сындоолорунун себебинен Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Тышкы иштер министрлиги, Ирандын Түркия тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы күрөштүн каршысында эмес, жанында орун алышынын күтүлүп жаткандыгын билдирди.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Ирандын Багдаддагы элчиси Масжединин бир телекөрсөтүүчүгө 23-февралда берген маегинде, Түркия Ирактын эгемендигин бузууда деген сын сөздөрдү айтканы боюнча Ирандын элчиси Феразменд бүгүн Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Феразмендге элчи Масжединин Түркияны Ирактын эгемендигин бузганы менен күнөөлөгөн билдирүүлөрүнүн кескин түрдө четке кагылгандыгы билдирилип, негизинен Түркиянын операцияларынын Ирактын туруктуулугун, коопсуздугун жана эгемендигин бутага алган жикчил террордук уюм ПКК элементтерине карай терроризмге каршы күрөштүн алкагында ишке ашырылып жаткандыгын Ирак бийлиги менен катар ар кимдин билээри айтылган.

Түркиянын Ирак менен ортосунда акыркы мезгилде ишке ашкан жогорку деңгээлдеги сапарларында жикчил террордук уюм ПККнын орток коркунуч экендиги жөнүндө биргелешкен түшүнүк камсыздалганы жана Ирандын дагы Түркиянын терроризмге каршы күрөшүнө каршы эместигин белгилеп, жанында орун алышынын  күтүлүп жаткандыгы баса белгиленди.

Экинчи жагынан, Ирандын Багдаддагы элчиси Масжидинин аталган маегинде анын Иракта жикчил террордук уюм ПКК тарабынан келтирилген коркунуч тууралуу эч кандай сөз козгобогондугу көңүл бурууга арзый тургандыгы баса белгиленди.

Ошондой эле элчи Феразмэндге Ирак өкмөтүнүн жикчил террордук уюм ПКК менен эффективдүү күрөшүүсү үчүн эки өлкөнүн бардык куралдуу топторду, анын ичинде террордук уюм менен кызматташтыкта ​​жүргөндөрдү өкмөттүн көзөмөлүнө алуу аракеттерин колдошу керектиги эскертилди.



Тектеш кабарлар