Деңизде качкындар куткарылды

12 мыйзамсыз мигрант Жээк коопсуздугу командирлигинин топтору тарабынан куткарылып жээкке чыгарылды.

1591653
Деңизде качкындар куткарылды

Мугланын Мармарис районунун жээктеринде Грециянын жээк күзөтчүлөрү тарабынан кайра жиберилген 12 мыйзамсыз мигрант Жээк коопсуздугу командирлигинин топтору тарабынан куткарылып жээкке чыгарылды.

Эки күн мурун Мармаристин Бозбурун кыштагындагы Йешилованын жээктеринде, кайыктагы иммигранттарды көргөн жарандар Жээк коопсуздугу командачылыгына билдиришти.

Маалымат боюнча Мармаристин жээк коопсуздугун сактоочу тортору ал жерге жөнөштү.

Куткаруучу топтор, кайыктагы аялдар жана балдар менен кошо 12 мыйзамсыз мигрантты жээкке чыгарышты.

Жээкке чыгарылган качкындар андан соң Облустук миграция башкармалыгына жиберилди.



Тектеш кабарлар