Түркия "Хожалы кыргынына" байланыштуу билдирүү таратты

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.

1591310
Түркия "Хожалы кыргынына" байланыштуу билдирүү таратты

Түркия, 1992-жылдын 26-февралында армяндар тарабынан жасалган "Хожалы кыргынына" байланыштуу «Биз Азербайжандын кайгы-капасын жүрөгүбүздүн түпкүрүндө сезип турабыз жана аны тең бөлүшөбүз» деп билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 1992-жылдын 26-февралында Армениянын аскерлери тарабынан Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагынын Хожалы шаарына жасалган кол салууларда 613 күнөөсүз Азербайжан жараны, анын ичинде аялдар жана балдар кырылып жүздөгөн Азербайжан жарандары жаракат алгандыгы эске салынды.

Бул кол салууларда миңден ашуун адамдардын туткунга алынгандыгы, дайынсыз жоголгондордон тилекке каршы дагы деле кабар алына албагандыгы айтылган билдирүүдө: «Дүйнөнүн көз алдында болгон Хожалы кыргынынан улам келип чыккан жарааттар дагы деле болсо жаңы экендигин билебиз, Азербайжандын кайгысын жүрөгүбүздүн түпкүрүндө сезип турабыз жана аны тең бөлүшөбүз. Каза тапкан азербайжандык боордошторубуздун жаткан жерлери жайлуу болсун, Азербайжан элине чын дилден көңүл айтабыз жана курман болгондорду таазим кылып эскеребиз»,-делди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Твиттердеги билдирүүсүндө: «Мындан 29 жыл мурун Хожалыда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн азербайжандык боордошторубузду таазим кылып эскеремин. Бул адамзатка каршы кылмышты унута элекпиз, унутпайбыз!», деди.



Тектеш кабарлар