Фахреттин Алтун "Хожалы кыргынын" айыптады

Алтун Твиттердеги баракчасынан, Хожалы кыргыны түшүндүрүлгөн видеону бөлүштү.

1591567
Фахреттин Алтун "Хожалы кыргынын" айыптады

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Хожалы кыргынынын күнөөкөрлөрүн мыйзам алдында жоопко тарта тургандыктарын билдирди.

Алтун Твиттердеги баракчасынан, Армения тарабынан 1992-жылы Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагындагы Хожалыда жасалган кыргын түшүндүрүлгөн, англис жана түрк тилдериндеги видеону бөлүштү.

Алтун өз билдирүүсүндө, Армениянын 29 жыл мурун бүгүнкү Азербайжандын аймагы болгон Хожалыда жүздөгөн жай тургундарды кыргынга учуратканын түшүндүрүп: «Бул кыргындын күнөөкөрлөрүн мыйзам алдында жоопко тартабыз. Хожалы кыргынын айыптап, курман болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун тилеймин», деди.



Тектеш кабарлар