Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат
Акыркы 24 саатта вирустан 78 киши көз жумду.
1588583

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 78 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 28 миң 138 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 118 миң 816 тест жасалып, 623 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 8 миң 104 болду.
Ооруканадан айыгып чыккан 5 миң 690 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 529 миң 450гө жогорулады.
Тектеш кабарлар

Голливуд жылдыздары Эрдоганды туулган күнү менен куттукташты
Президент Эрдоган тортту жубайы Эмине Эрдоган менен чогуу кесип, аларга ыраазычылыгын билдирди.

Министр Акар Хавелсандын иштерин карап чыкты
Акар бүткөрүлгөн жана жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлор боюнча маалымат алды.