Эрдоган:«Кайсы жерде, кайсы ийинде террористтер бар болсо,биз да ошол жактабыз»

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы Эрдоган партиясынын Измирдеги 7-катардагы облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

1588420
Эрдоган:«Кайсы жерде, кайсы ийинде террористтер бар болсо,биз да ошол жактабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын терроризмге каршы күрөшү тууралуу, «Кайсы жерде, кайсы ийинде террористтер бар болсо, биз да ошол жактабыз »,-деди.

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы Эрдоган партиясынын Измирдеги 7-катардагы облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «Бул сүйүктүү жерди армиялары менен басып ала албастыгын көргөндөр, жаңы шаймандарды ишке киргизишти»,-деп айтты.

Эрдоган: «Терроризм бул шаймандардын ичинен эң кандуусу жана эң катаалы. Хаккари терроризмден эң көп жабыркаган облустарыбыздын бири. Измирде террордук кол салуулардын себебинен Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Анадолу аймактарынан көчүп келген жарандарыбыздын көпчүлүгү жашашат. ПКК террордук уюмунун адеп-ахлаксыз жана абийирсиз жүзүн эң жакшы алар билишет»,-деди.

Президент Эрдоган: «Биз Жудидебиз, Габардабыз, Тендуректе, Беслер Дересиндебиз. Кайсы жерде, кайсы ийинде террористтер бар болсо, биз да ошол жактабыз. Он миңдеп саналган террористтер эми жүздөп саналууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар