«Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси Демренин Чайагзы портунан чыгып кетти

«Оруч Рейс» техникалык тейлөөдөн кийин Анталья портунан чыгып, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде сейсмикалык изилдөөлөрдү жүргүздү.

1586368
«Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси Демренин Чайагзы портунан чыгып кетти

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде изилдөөлөрүн улантып жатканда аба-ырайынын ыңгайсыздыгына байланыштуу Антальяга казык таштаган «Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси аймактан чыгып кетти.

«Оруч Рейс» техникалык тейлөөдөн кийин Анталья портунан чыгып, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде сейсмикалык изилдөөлөрдү жүргүздү.

Өз ишин уланткан «Оруч Рейс» 16-февраль, шейшемби күнү, эртең мененки саатта аба-ырайынын начарлап кеткендигине байланыштуу Демренин Чайагзы портуна казык таштаган.

«Оруч Рейс» менен кошо аны коштоп жүргөн «Атаман» жана «Женгизхан» аттуу эки чиркегич Чайагзы портуна жакын келишти.

Жер Ортолук деңиздеги катуу бороондон жана аба ырайынын начар шарттарынан улам, сейсмикалык изилдөө кемеси жана аны коштогон чиркегичтер 2 күндүк күтүүдөн кийин эртең менен аймактан чыгып кетишти.



Тектеш кабарлар