Түрк аба жолдорунун "Miles & Smiles" программасында санариптик карта мезгили башталды
THYнын социалдык медиа баракчасынан жарыяланган билдирүүдө, артыкчылыктарга жол ачкан программанын эми санарипке өткөнү белгиленди.
1585530
Түрк аба жолдору (THY) "Miles & Smiles" атайын жүргүнчү программасында санариптик карта мезгилинин башталганын жарыялады.
THYнын социалдык медиа баракчасынан жарыяланган билдирүүдө, артыкчылыктарга жол ачкан программанын эми санарипке өткөнү белгиленди.
Жарыяда "Miles & Smiles" физикалык карталардын санариптик карталарга которулгандыгы айтылып: «THY мобилдик тиркемеси аркылуу физикалык картаңыздын артыкчылыктарын колдоно аласыз»,-делди.
Miles & Smiles - THYнын жүргүнчүлөргө карата атайын программасы жана мүчөлүк үчүн акы алынбайт. 2 жаштан жогорку бардык адамдар катыша ала турган санариптик картага кайрылуу үчүн бланкаларды THY сатуу кеңселеринен, THY каттоочу жана THY эсептегичтеринен сурасаңыз болот.