ТИКА жардам берген судандык жаштар кесип ээси болушту

ТИКА башкармалыгы Чыгыш Африка өлкөсү Суданда банги заттардан арылуусуна жардам берген судандык жаштар кесип ээси болуп, өз буттарына тура баштады.

1585315
ТИКА жардам берген судандык жаштар кесип ээси болушту

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКА башкармалыгы Чыгыш Африка өлкөсү Суданда банги заттардан арылуусуна жардам берген судандык жаштар кесип ээси болуп, өз буттарына тура баштады.

ТИКА «Хартумда көчөдө жашаган жаштарды кесип ээси кылуу долбоорунун» негизинде жергиликтүү Бит Мекели коому кесиптик билим берген жана чоң катнашта  банги заттардан арылган 105 жашка 25 -  октябрдан тарта ширетүүчү машина, электр монтаждоо, сантехника, авто дөңгөлөктөрдү оңдоо жана чач тарачтык боюнча материалдарга жардам берди. Айрым жаштар долбоор менен өз бизнесин ачса, кээ бир жаштардын өз кесиби боюнча иш жерлеринде келишим боюнча адистешүүсүнө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Бит Мекели коомунун куруучу төрагасы Лубна Али Мухаммед Абдуррахман Анадолу агенттигине берген маалыматында ТИКА менен жүргүзгөн биргелешкен долбоордун жыйынтыктарын билдирүүдөн кубанычтуу экендигин белгиледи.

Абдуррахман : «Көптөгөн жылдардан бери банги заттар жана үйсүздөр тууралуу иштерди аткаруудабыз бирок өндүрүшкө карата долбоорлорду турмушка ашыруу мүмкүнчүлүгүн таба алган эмеспиз. ТИКАнын аракеттери менен ишке ашырган бул долбоор дарылоо, реаблитация жана жумуш менен камсыз кылуу бир жерде болгон бардык эл аралык долбоор болду. Долбоордун икйинки кадамында бул жаштардын үй  - бүлө курушуна жардам берүүнү каалайбыз. Кыз балдарга карата келечектеги долбоорубузда  ТИКА менен дагы көп кызматташууларды түзүүнү каалайбыз. Колдоосу үчүн ТИКАга ыраазычылык билдиребиз»,- деди.



Тектеш кабарлар