Эрдоган түрк тилине басым жасады

Президент Эрдоган Бештепедеги Улуттук конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн "Биздин Юнус" жылынын ачылыш аземине катышты.

1584976
Эрдоган түрк тилине басым жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Маданий империализмге каршы биз орното турчу эң күчтүү коргонуу тилкеси биринчи кезекте тилибизди коргоо болуп саналат»,-деди.

Президент Эрдоган Бештепедеги Улуттук конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн "Биздин Юнус" жылынын ачылыш аземине катышты.

«Мекенди алгач тил, андан кийин армия күтөт, ошондуктан биз түрк тилибизди абдан бекем коргошубуз керек» деген Эрдоган: «Юнус Эмренин дүйнөдөн кайтканынын 700 жылдыгынан улам биз "Дүйнө тили түркчө"деген аталыш менен мобилизация жарыялап жатабыз» деп билдирди.

"Маданий империализмге каршы биз орното турчу эң күчтүү коргонуу тилкеси биринчи кезекте тилибизди коргоо болуп саналат» деп айткан Эрдоган: «Тилибиз күчүн жоготсо, биз саясий чек араларыбыздын жана жалпы маданиятыбыз менен цивилизациябыздын карталарда бир сызыкта калуусуна тоскоол боло албайбыз»,-деди.

Юнус Эмре - XIII кылымда Анадолуда түрк поэзиясынын баштоочусу болгон элдик акын.



Тектеш кабарлар