Багынган террористтин билдиргенине караганда ПККга кошулуу абдан аз

Коопсуздук күчтөрүнө багынган террорист : «Акыркы процессте уюмга кошулуу азайды. 2020 -  жылы өлкө ичинен ПККга кошулуу жок деп айта турганчалык аз».

1585305
Багынган террористтин билдиргенине караганда  ПККга кошулуу абдан аз

ПКК/КЖК террордук уюмунан качып коопсуздук күчтөрүнө багынган террорист өлкө ичинде уюмга кошулуунун өткөн жылы жок деп айта турганчалык аз болгондугун белгиледи.

Ички иштер министрлигинин координациясында жандармерия жана коопсуздук кызматкерлеринин ынандыруу иштеринин натыйжасында ПККдан качып коопсуздук күчтөрүнө багынган террористтердин саны күн өткөн сайын көбөйүп баратат.

Шырнак облусунун Силопи  районуна жакын Хабур    чек ара капкасында коопсуздук күчтөрүнө багынган бир террорист мындан алты жыл мурда Элдердин демократиясы партиясынын Диярбакырдагы облустук башкаруучулук имаратынан ПККга жиберилгендигин айтты. Террордук уюмга кошулуунун азайгандыгын баса белгилеген террорист : «Акыркы процессте уюмга кошулуу азайды. 2020 -  жылы өлкө ичинен ПККга кошулуу жок деп айта турганчалык аз»,- деди.

ПККнын корбашыларынан Мурат Карайыландын 2019 -  жылы качууга аракет кылган уюмдун мүчөлөрүнө «өлтүрүү» жолдомосун бергендигине көңүлдөрдү бурган террорист ПККга кошулгандыгы үчүн бушайман экендигин, бушаймандык жоболорунан пайдаланууну каалагандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар