Эртең кабинет жыйыны өткөрүлөт

Президенттик кабинет эртең Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде Бештепеде чогулат.

1584804
Эртең кабинет жыйыны өткөрүлөт

Президенттик кабинет эртең Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде Бештепеде чогулат.

Ковид  - 19 менен күрөшүү карала турган жыйында саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа доклад окуйт жана кабинет мүчөлөрүнө маалымат берет.

Жыйында Илимий Кеңештин сунушу тууралуу чечим чыгарылат.

Президент Эрдоган бейтаптардын белгилүү санга азайышы менен бирге ишканалар тууралуу чектөөлөрдүн этап түрүндө жумшатылышы тууралуу календарды баштоону  пландагандарын билдирген. Жыйында чектөө киргизилген ишканалардын белгилүү бир эрежелердин негизинде ачылышы күн тартибине келет.

Коменданттык саат да каралат. Эпидемиянын абалына карата облус жана аймак базасында калыбына келтирүү кадамдары ташталат.

Айыл мектептеринде сабактар башталды. 1 -  марттан тарта башталгыч мектептердин бардык класстары менен 8 – 12 -  класстарга сабак бериле баштайт. Бул тууралуу көрүлгөн даярдыктар кабинет жыйынында каралат. Башка класттарда бетме  - бет окутууга өтүү баскычтары каралат.

Кытай жана Германиядан алына турган вакциналардын акыркы абалы жана жергиликтүү вакцина эмгектери да жыйында каралат. Түркиядагы эмдөө процессине баа берилет.  



Тектеш кабарлар