Варанк: «Биз космостук изилдөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттүүбүз»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, ТРТ 1 каналында Пелин Чифт алып барган «Гүндем Өтеси» программасынын коногу болду.

1583241
Варанк: «Биз космостук изилдөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттүүбүз»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Түркияны дүйнөнүн эң күчтүү экономикаларынын катарына киргизүү үчүн космостук изилдөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү экендиктерин айтты.

ТРТ 1 каналында Пелин Чифт алып барган «Гүндем Өтеси» программасынын коногу болгон Варанк: «Түркияны дүйнөнүн эң күчтүү экономикалардын бирине айландыруу, кошумча наркы жогору өндүрүш менен өнүктүрүү  жана келечекте балдарыбызга толук көз карандысыз өлкө калтыргыбыз келсе, биз сөзсүз түрдө космос тармагында изилдөө жүргүзүшүбүз керек»,-деп айтты.

Варанк бул тандоо эмес, милдет деп айтты.

Түркиянын космос тармагында маанилүү иштерди жасаганын айткан Варанк, 2023-жылы Ай менен алгачкы байланыштын ишке ашышын белгилеп, 2028-жылга чейин Айга жумшак конгон космос кемесин Айдын үстүнкү бетине түшүрүүнү, бул жерде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү максат кылгандыктарын билдиришти.

Түркиянын космос тармагындагы учурдагы иштерин түшүндүргөн Варанк, «Түркияда иштелип чыккан «түртүүчү кыймылдаткыч», «жылдыз чыйырлары» сыяктуу өнүмдөрдүн дүйнө жүзүндө бир нече гана өлкө жасай алган технологиялар экендигин маалымдады.



Тектеш кабарлар