Гарадагы үңкүрдө көп сандаган курал-жарак жана ок-дары табылды
Бул маалымат Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) социалдык тармактарындагы эсептеринде орун алды.
1583199
Ирактын түндүгүндө, жикчил террордук уюм ПКК 13 жаранды шейит кылган Гарадагы үңкүрдө көп сандаган курал-жарак жана ок-дары колго түшүрүлдү.
Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) социалдык тармактарындагы эсептеринде, «Адамзат душманы террордук уюм ПКК биздин жарандарды мыкаачылык менен өлтүргөн Гарадагы үңкүрдө террористтерге таандык көптөгөн курал-жарак жана ок-дарылар алынды»,делди.
Куралдардын жана ок-дарылардын сүрөттөрү да маалымат бөлүшүүгө киргизилген.