Жо Байден Гуантанамо лагерин жабат

Обама президент болгон 2008 -  жылдан бери жаңы  туткундар келбеген лагерде азыркы учурда 40ка жакын туткун бар.

1582822
Жо Байден Гуантанамо лагерин жабат

АКШда Ак үйдүн катчылыгынан берилген маалыматта АКШнын президенти Жо Байдендин кызмат мөөнөтү акырына чыгкканга чейин Гуантанамо лагеринин жабылары жарыяланды.

«Бул биздин так максатыбыз»,- деп билдирилген маалыматта Улуттук Коопсуздук Кеңешинин бул маселени тактай тургандыгы маалымдалды.

Жо Байден вице  - президенти болгон мурунку президент Барак Обама да шайлоо кампаниясы учурунда Гуантанамо лагеринин жабыларына убада берген,  бирок ал мезгилде Конгресстен жетерлик добуш ала албагандыктан бул убадасын аткара алган эмес.

Обамадан кийин келген Дональд Трамп болсо өз шайлоо кампаниясында туткундар лагеринин ачык болорун жана «каракчылар менен толтуруларын» айткан.

Кубадагы Гуантанамо лагери 2001 -  жылы 11 -  сентябрдагы кол салуулардан кийин АКШнын жол башчылыгында Афганистанда жүргүзүлгөн аскердик операциялардан кийин мезгилдин АКШ президенти Жорж Буштун жолдомосу менен курулган.

2002 -  жылы январь айында биринчи туткундар алып келинген мезгилде кылмышкерлер капаста кармалып, андан кийин  лагерь жогорку коопсуздук чаралары көрүлгөн абакка айландырылган. Ушул күнгө чейин 780 киши  камалган Гуантанамо лагеринен Буш жана Обама мезгилдеринде жүздөгөн киши бошотулду.

Обама президент болгон 2008 -  жылдан бери жаңы  туткундар келбеген лагерде азыркы учурда 40ка жакын туткун бар.



Тектеш кабарлар