Улуттук коргоо министри Хулуси Акар командирлер менен чек арага барды

Хулуси Акар иликтөөлөрдүн кийин «Чеңгел  -  Бүркүт  -  2» операциясы башкарылган операция борборуна  барды.

1582838
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар командирлер менен чек арага барды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлиги менен чек арадагы бөлүктөрдө иликтөө жүргүздү. Акар коштоосундагы башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, кургак жер күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Үмит Дүндар, деңиз күчтөрү командири, армиянын адмиралы Аднан Өзбал жана аба күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Хасан Күчүкакйүз менен Шырнакка барды.

Шерафеттин Элчи аэропортунда  губернатор Али Хамза Пехливан, 2-армиянын командири, генерал Метин Гүрак жана башка жетекчилер тосуп алган Акар коштоосундагы командирлер менен чек арага барды.

Бул жердеги бөлүктөрдү көзөмөлдөп жана иликтеген Акар менен коштоосундагы командирлер андан кийин Ирактын түндүгүндөгү Гарада террористтерге таандык буталарга карата жүргүзүлгөн «Чеңгел  -  Бүркүт  -  2» операциясы башкарылган операция борборуна  барды. Акар коштоосундагы командирлер менен бул жердеги иликтөө жана текшерүүлөрүн улантууда.



Тектеш кабарлар