Чобанбейде террордук кол салуу болду

Кол салууда 1 жаран каза болуп, 12 жаран жаркакат алды.

1582870
Чобанбейде террордук кол салуу болду

Сирия жана Түркия чек арасына жакын Чобанбей аймагында унаага жайгаштырылган бомбанын жарылуусу менен 1 жаран каза болуп, 12 жаран жаракат алды.

Килис облусунун Элбейли районунун маңдайында жайгашкан аймактын базарында эл көп болгон  проспектиде бомба жайгаштырылган унаа менен террордук кол салуу болду.

Кол салууда бир жаран каза болуп, 12 жаран жаракат алды. Айланадагы дүкөндөр зыян тартып, өрткө өрт өчүрүүчү топтор кийлигишти.

Коопсуздук күчтөрү окуя болгон жерде иликтөө жүргүзүп, коопсуздук чараларын көрүп, жаралуулар тез жардам унаалары менен аймактагы ооруканаларга алып барылды.

Окуя болгон жерде иликтөө жүргүзгөн коопсуздук күчтөрү кол салууну ЙПГ/ПКК террордук уюмдун жасоо ыктымалы боюнча токто

лушууда.



Тектеш кабарлар