Түркиядан ТКТРга 40 000 доза вакцина жеткирилди

Түркия Ковид  - 19 менен күрөшүүнүн негизинде Түндүк Кипр Түрк Республикасына 40 000 доза Sinovac вакцинасын жеткирди.

1582299
Түркиядан ТКТРга 40 000 доза вакцина жеткирилди

Түркия Ковид  - 19 менен күрөшүүнүн негизинде Түндүк Кипр Түрк Республикасына 40 000 доза Sinovac вакцинасын жеткирди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын саламаттык сактоо министри Али Пилли ар дайым болгондой  эпидемиологиялык мезгилде да жардам берген Президент Р. Т. Эрдоган, вице  - президент Фуат Октай жана саламаттык сактоо министри Фахреттин  Кожага ыракмат айтты.

Вакцинанын абдан маанилүү экендигин белгилеген Пилли : «Дүйнөдө кыйынчылык болуп, вакцинага жетүү  да ошончолук кыйын болуп жаткан учурда Түркия ар дайым биздин жаныбызда болду, вакцина тууралуу бизди жалгыз калтырган жок. Азыркы учурда жалпы  80 000 вакцина келди. 40 000 вакцинаны бердик. Алдыбыздагы күндөрдө жаңы келген 40 000 вакцинаны да беребиз»,- деди.

Эмдөө планынын системалуу түрдө улантылып жатканына токтолгон Пилли оболу медициналык кызматкерлер  менен 65 жаштан жогору жарандардын эмделгендигин, андан кийин бардык жарандардын эмделерин айтты.

Пилли вакцина менен пандемияны көзөмөлгө алууну жана апрель айында бардык тармактарды ачууну пландап жатышкандарын айтты.



Тектеш кабарлар