Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел Бүркүт-2» операциясында 2 аскер шейит болду
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жарыялады.
1581214
Улуттук коргоо министрлиги «Чеңгел Бүркүт-2» операциясында 2 аскер шейит болуп, 4 аскер жаракат алгандыгын билдирди.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында башталган «Чеңгел Бүркүт-2» операциясында террористтер менен кагылышуунун натыйжасында 2 аскер шейит болду.
Кагылышууда жаракат алган 4 аскердин дароо ооруканага жеткирилгендиги белгиленип, аймакта аныкталган буталарга абадан сокку урулуп, террордук уюмдун аймактагы тобуна оор сокку урулганы баса белгиленди.