«Чеңгел Бүркүт-2» операциясында жаракат алган бир аскерибиз шейит болду

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, операция учурунда жаракат алып, ооруканага жеткирилген жоокер куткарыла албай, бүгүн көз жумгандыгы айтылган.

1581532
«Чеңгел Бүркүт-2» операциясында жаракат алган бир аскерибиз шейит болду

Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында башталган «Чеңгел Бүркүт-2» операциясында террористтер менен кагылышууда жаракат алган дагы бир аскер шейит болду.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, операция учурунда жаракат алып, ооруканага жеткирилген жоокер куткарыла албай, бүгүн көз жумгандыгы айтылган.

Билдирүүдө, «Бизди терең кайгыга салган бул окуяда курман болгон ыйык шейитибиздин жаткан жери жайлуу болушун, күйүт тарткан үй бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана асыл элибизге көңүл айтабыз жана сабырдуу болушун тилейбиз», деген сөздөр камтылды.

Министрлик кечээ «Чеңгел Бүркүт-2» операциясында  2 аскер шейит болуп, 4 аскер жаракат алгандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар