Эрдоган Мицотакисти катуу эскертти

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы Эрдоган, партиясынын парламенттик фракциясынын жыйынында сөз сүйлөдү.

1580964
Эрдоган Мицотакисти катуу эскертти

Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакиске каршылык көрсөтүп: «Чегиңизди билиңиз»,-деди.

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы Эрдоган, партиясынын парламенттик фракциясынын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, Түркия менен Грециянын ортосундагы көйгөйлөргө чечүүчү жол табылышы жөнүндө сүйлөшө ала турганын айткандыгын белгилеп, Грециянын премьер-министрине: «Мен жолуга алам деп жатам, Мицотакис билдирүү жасап жатат, кыйын болууда. Сиз бул чакырыкка каршы чыккандан кийин биз сиз менен кантип жолугушабыз? Сиз адегенде өз чегиңизди билиңиз. Эгер билбесеңиз, анда сиз үстөлдү тептиңиз, сиз качуудасыз. Эгер мындай боло берсе, биз сиз менен үстөлдө отура албайбыз. Сиз кээ бир тоолорго ишенип жатасыз, сиз ишенип жаткан тоолорго кар жаады, алардын бири дагы сизге пайда алып келбейт. Ал эми биз өзүбүздүн киндигибизди өзүбүз кескенбиз, ошондуктан жинди түрктөрдү жакшы тааныңыз»,деген сөздөрдү айтты.

Түркия Республикасынын Президенти, Кипрдик түрктөрдүн жарым кылымга созулган аралдагы туңгуюктун жапа чеккен тарабы болушуна дагы көп жол берилбей турганын бүткүл дүйнөнүн билүүсү зарылдыгын белгиледи.

Эрдоган: «Аралда эмне кылып жатканыңыздар белгилүү. Сиз эмнеңизге ишенесиз? Кана бир жерден сизге дагы бир жолу колдоо келмек, сиз буга ишенесизби? Эгер сиз ага ишенсеңиз жаңылышасыз. Бирок кайдан эмне келсе келсин. Муну билиңиз, Түркия зоболосу бийик бойдон турат, ордунда жана эмне керек болсо убакыгында эмне жасай тургандыгын билет»,-деди.

Грек жана Рум тараптарынын билдирүүлөрү байкалганда алардын Кипр түркүн көз жаздымда калтырган мамилесинде эч кандай өзгөрүү болбогонун белгилеген Эрдоган: «Эми Кипрде эки мамлекеттүү чечүүчү жолдон башка жол жок. Муну кааласаңыз кабыл аласыз, каалбасаңыз кабыл албайсыз»,- деп кесе айтты.



Тектеш кабарлар