Түркия менен Казакстан ортосунда медиа өнөктөштүгү

Казакстандын Анкарадагы элчиси Абзал Сапарбекулу Түркия телерадио корпорациясынын  башкы директору Ибрахим Эрен менен жолугушту.

1578131
Түркия менен Казакстан ортосунда медиа өнөктөштүгү

 Казакстандын Анкарадагы элчиси Абзал Сапарбекулу Түркия телерадио корпорациясынын  башкы директору Ибрахим Эрен менен жолугушту.

Жолугушууда Казакстан менен Түркиянын лидерлеринин ортосундагы жакын жана ишенимдүү байланыштардын негизинде эки өлкөнүн ортосундагы саясий, билим берүү, соода, экономика жана инвестиция карым  - катнаштарынын өнүгүшүнүн оң бара жаткандыгына көңүлдөрдү бурган Сапарбекулу алдыдагы мезгилдерде эки тараптуу кызматташуунун маданий тармакта  дагы мыкты болушу керектигине ишенгендигин айтты.

Жолугушууда алдыбыздагы мезгилдерде медианын да колдоосу менен маданий долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу талкуу болду.

Маданий долбоорлордун арасында сатира жана комедия тармактарынын өнүктүрүлүшү менен ТРТ Çocuk каналындагы мультфильмдердин казак тилине которулуп, Казакстанда берилиши орун алды.

Элчи Сарабекулу мындай эмгектердин эки бир тууган өлкөнүн ортосундагы маданий жана руханий байланышты чыңдоодо маанилүү роль ойной тургандыгын баса белгиледи.

Ибрахим Эрен эки өлкөнүн маданий карым-катнаштарын ар дайым колдой тургандарын айтты.

Мындан тышкары, тараптар Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата бир жыл бою иш-чараларды уюштуруп, документалдуу фильмдерди тартууну макулдашышты.

Ушул алкакта ТРТнын башкы директору менен Казакстандын элчилиги даярдык иштерин баштоо боюнча келишишти.

Кийинки мезгилдерде эки бир тууган өлкөнүн радио, телекөрсөтүү жана журналистика тармагындагы адистерди тажрыйба алмашуу жана окутуу программаларын өткөрүү мүмкүнчүлүгү биринчи планга чыкты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Түркстанда өткөрүлүшү пландаштырылып жаткан Түрк Кеңеши Өлкөлөрүнүн расмий болбогон саммитинин күн тартибиндеги маселелер талкууланды.

Казакстандын элчиси Түркстан облусунун губернаторунун саламын билдирип,  саммиттин алдында ТРТ үй-бүлөсүн Түркстанга чакырды.

Элчи ТРТ үй-бүлөсүнүн  Түркстан сапарында Ахмет Яссаву (Орто Азия түрктөрүнүн диний-мистикалык жашоосуна чоң таасирин тийгизген сопу акын) жөнүндө даректүү тасма тартууну сунуш кылды.



Тектеш кабарлар