Президент Р. Т. Эрдоган АКШ жана Европа Биримдигине каршылык көрсөттү

Президент Р. Т. Эрдоган Стамбулдагы Богазичи университетинде болгон окуялар тууралуу АКШ менен Европа Биримдигинин мамилесине каршылык көрсөттү.

1578108

«Биз өлкөбүздү, көрүнүктүү университетибизди буларга алгыла каалаганыңардай кылгыла дейбизби? Америка менен Европа Биримдиги эмне деп жатышат? «Биз Босфор университетинде болгондорду айыптайбыз» деген Америкага муну айтар элем шайлоодон мурда Америкадагы окуялардан  уялган жоксуңарбы? Ал жердеги окуяларда баары бири бирин кандай коркутту, расизм боюнча  эң алдыга чыктыңар. Кара терилүү жарандарыңарды полиция жерге жаткырып кандай өлтүрдү? Буларды дүйнөгө эмне деп түшүндүрөсүңөр»,- деди.

Эрдоган Стамбулда басма сөз кызматкерлеринин берген суроолоруна жооп берди. Президент : «Макрон бир тараптан үн катып жатат. Макрон сен оболу сары кемселчендер маселесин чеч. Азыркы учурда бардык сары кемселчендер, жарандарың көчөлөргө чыгышты. Аны чече абайсың, сен эң биринчи бул маселени чеч. Менин өлкөмдө азыркы учурда мындай кыйынчылык жок. Азыркы учурда булар биздин да тынчыбызды алуу ниетинде»,- деди.

Тектеш кабарлар