ЕБ Эрдогандын реформалар пакетине байланыштуу билдирүүсүн кубаттады

Европа Биримдигинин Түркиядагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Николаус Мейер-Ландрут, Кайсери Соода-өнөр жай палатасына (KTO) келип, төрага Өмер Гүлсой менен жолугушту.

1577498
ЕБ Эрдогандын реформалар пакетине байланыштуу билдирүүсүн кубаттады

Европа Биримдиги (ЕБ) президент Режеп Таййип Эрдогандын реформалар пакетине байланыштуу билдирүүсүн кубаттады.

Европа Биримдигинин Түркиядагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Николаус Мейер-Ландрут, Кайсери Соода-өнөр жай палатасына (KTO) келип, төрага Өмер Гүлсой менен жолугушту.

Гүлсой, Түркиянын 60 жылдан бери Европа Биримдигине толук мүчөлүк үчүн иш алып барып жатат, эми Түркиянын толук мүчө катары ЕБнин ичинде болушу керектигин айтты.

Гүлсой: «Суудан шылтоолор чыгарылбастан кабыл алынсын. ЕБнин ичиндеги Түркиянын дүйнөлүк тынчтыкка, коопсуздугуна, Европа жана Азияга чоң салым кошо турганын ойлоодобуз»,-деди.

«Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин ЕБнин локомотив өлкөлөрү Германия, Франция жана берки өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө биздин адамдарыбыз эмгектенүүлөрү менен салым кошушту. Түркия ичинде орун алган Европа Биримдиги, биримдиктин ишенимдүү экономикасына чоң салым кошот»,-деди Гүлсой.

Мейер-Ландрут болсо ушул жылдын башында ЕБ жана Түркия үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн терезесинин ачылуусун үмүт кылгандарын, жакынкы айларда «оң күн тартиби» болушун дагы даана чагылдырылышын көрүүнү каалагандарын айтты.

Президент Эрдогандын реформа пакети жөнүндө билдирүүсүнө токтолгон Мейер-Ландрут, «Биз муну жакшы кабыл алдык. Бул пакетте маанилүү маселелер бар. Экономикалык реформалар, сот реформалары, ЕБнин иш-аракеттер пландары, адам укуктары боюнча иш-аракеттер планы. Бул өлкөдө жасалган иштер үчүн чоң мааниге ээ. Ошол эле учурда, Европа Биримдиги менен талапкерлердин катарына кирген Түркиянын мамилелери жагынан да маанилүү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар