Идлибде "Адыяман" көчөсү курулат

Сириянын Идлиб шаарында муктаж кишилер үчүн 26 брикет үй курула турган «Адыяман» көчөсү курулат.

1576706
Идлибде "Адыяман" көчөсү курулат

Сириянын Идлиб шаарында муктаж кишилер үчүн 26 брикет үй курула турган «Адыяман» көчөсү курулат.

Сириядагы кол салуулардан качып Түркия чек арасына жакын коопсуз аймактарга баш калкалагандар үчүн башталган брикет үйлөр добооруна Адыямандагы дин кызматкерлери да салым кошот.

Облустук жана райондук муфтияттарда кызмат кылган кызматкерлер чогултуликан акча 156 000 лира болду. Бул акчага аймакта 26 брикет үй курулат. «Адыяман» деген ат коюла турган көчөдө 30 метр квадраттык 1 + 1 үйлөр курулат.

Адыяман муфтийи Мехмет Ташжы муфтият имаратында журналисттерге берген маалыматта  10 күн мурун нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкыны болгон Идлибде чатырлардын бузулгандыгын айтты.

Ташжы: "Ал жакта жашаган бир туугандарыбызды куткарабыз дедик, ушунун негизинде акция уюштурдук. Жардамдарын аябаган жана өнөктүккө катышкан бардык кызматкерлерибизге терең ыраазычылык билдирем",-  деди.



Тектеш кабарлар