ДЕАШтын террористти Сакарияда кармалды

ДЕАШ террордук уюмдун «билим берүү министринин орун басары» Иордания тектүү террорист Скарияда кармалды.

1576568
ДЕАШтын террористти Сакарияда кармалды

ДЕАШ террордук уюмдун «билим берүү министринин орун басары» Иордания тектүү террорист Скарияда кармалды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Коопсуздук боюнча башкы директорлуктун чалгындоо башкармалыгы жана террор менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын координациясында террордук уюм ДЕАШка карата жүргүзүлгөн операцияларда уюмдун Иорданиялык мүчөсү А.З.А.А.Днын Сакарияда экендиги аныкталды.

Жүргүзүлгөн операцияда кармалган террористтин ДЕАШ террордук уюм 2014 – 2017 – жылдары Ирак жана Сирияда таасирдүү болгон аймактардагы бардык билим берүү мекемелеринен жооптуу жалган «билим берүү министринин орун басары» катары иш алып баргандыгы белгиленди.

Террористтин ошол эле аймактарда туткунга алынган кишилерди мыкаачылык менен өлтүргүндүгү жана бул кыймылдардын видеолорун уюмду үгүттөө максатында соцтармактарда жарыялагандыгы белгиленди.  

Коопсуздук директорлугундагы териштирүүдөн кийин сотко өткөрүлгөн террорист камакка алынды.



Тектеш кабарлар