Битлис жана Сииртте "Эрен - 6 Мергело" операциясы башталды
Операцияга 1453 кызматкер катышууда.
1575689
Ички иштер министрлиги Битлис жана Сииртте 1453 кызматкердин катышуусу менен «Эрен - 6 Мергело» операциясынын башталгандыгын билдирди.
Министрликтен берилген маалыматка карганда ПКК/КЖК террордук уюмунун өлкөнүн күн тартибинен толугу менен чыгаруу жана аймакта бар экендиги аныкталган террористтерди жок кылуу максатында 11 - январда башталган «Эрен» операциялары улантылууда. Ушунун негизинде Битлис жана Сииртте «Эрен - 6 Мергело» операциясы баштатылды. Операцияда жандармериянын десанттык, жандармериянын атайын кыймылы жана полициянын атайын кыймылы менен коопсуздук коргоочуларынан турган 82 ыкчам топ катышууда.