Эгей деңизинде бири биринин артынан жер титирөөлөр болду

Эртең мененки саатта Измирдин Карабурун районуна жакын Эгей деңизинде жер титирөөлөр болду.

1575134
Эгей деңизинде бири биринин артынан жер титирөөлөр болду

Эртең мененки саатта Измирдин Карабурун районуна жакын Эгей деңизинде жер титирөөлөр болду.

Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу боюнча төрагалык AFADдын веб-сайтынан алынган маалыматка ылайык Түркия убактысы боюнча саат 08.03 минута өткөндө  4.1 баллдык,   08:20да 2. 9 баллдык,  08:46да 5.1 баллдык,  08:47де  4.8 баллдык, 09:00 4.7 баллдык жана 09.34тө  4.2 баллдык жер титирөөнүн болгондугу билдирилди.

Аймакта тынымсыз жер титирөөлөр улантылып, Түркия убактысы боюнча саат 11:35те эпицентри Эгей деңизинин Карабурун жакындарында болгон 5, 1 баллдык бир жер титирөө дагы болду.

18 километр тереңдикте болгон жер титирөө шаарда да сезилди.



Тектеш кабарлар