Деңизде качкындар куткарылды

Грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөн эки резина кайыктагы 48 качкын куткарылды.

1574030
Деңизде качкындар куткарылды

Измирдин Чешме жана Дикили райондорунун жээктеринде грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөн эки резина кайыктагы 48 качкын куткарылды.

Чешме районунун жээктеринде резина кайыкта бир топ качкындын бар экени жөнүндө маалымат алганган Жээк коопсуздугу командачылыгы аймакка кызматкерлерин жиберди.  

Кызматкерлер грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөнү аныкталган резина кайыктагы 19 качкынды куткарды.

Дикили районунун жээктеринде да резина кайыктагы 29 качкын куткарылды.

Жээкке чыгарылган 48 качкын Облустук миграция башкармалыгына өткөрүлүп берилди.



Тектеш кабарлар