Түркия эмдөөгө карата таштаган кадамдарынын негизинде вакциналарын ылдам түрдө ала баштады

Эрдоган Президенттик комплексинде өткөрүлгөн "Социалдык дайындоо аземинде" сөз сүйлөдү.

1571490
Түркия эмдөөгө карата таштаган кадамдарынын негизинде вакциналарын ылдам түрдө ала баштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Коронавирус (Ковид-19) эмдөөсүнө карата таштаган кадамдарыбыздын негизинде вакциналарыбызды ылдам түрдө ала баштадык», деп айтты.

Эрдоган Президенттик комплексинде өткөрүлгөн "Социалдык дайындоо аземинде" сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Түркиянын кызматтык инфраструктурасынын күчү кризис мезгилдеринде көбүрөөк айкын болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Пандемия мезгилинде социалдык колдоо тутумубуздун камтуучулугун да текшердик. 1 жылга жакын пандемиялык мезгилде жүрөктү өйүгөн медицина маселесин баштан кечирген жокпуз. 46 миллиард лирадан ашкан социалдык коргоочу калкан төлөмдөрүбүз жана кеңири аймакта көрсөткөн колдообуздун негизинде өлкөбүзгө күч-кубат бердик»,- деди.

Эрдоган: «Эң өнүккөн өлкөлөрдө дагы жүрөктү өйүгөн көрүнүштөр болгон процессти аз кыйынчылыктар менен артка таштадык. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө азыр вакциналар жетишсиз, биз болсо эмдөөгө карата таштаган кадамдарыбыздын негизинде вакциналарыбызды ылдам түрдө ала баштадык»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар