ЕБнен Түркия менен мамилелер тууралуу билдирүү айтылды

Европа Биримдигинин (ЕБ) Тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл,Европа Биримдигинин Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун соңунда маалымат жыйын өткөрдү.

1571167
ЕБнен Түркия менен мамилелер тууралуу билдирүү айтылды

Европа Биримдигинин (ЕБ) Тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл өткөн жумада Түркиядагы позитивдүү динамика тууралуу айтылгандар боюнча макулдашкандарын билдирди.

Жозеп Боррелл, Европа Биримдигинин Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун соңундагы маалымат жыйынында, Түркия-ЕБ карым-катнаштары күн тартип беренелеринин бири экендигин белгилеп, «Биз түрк бийлигинин ЕБ Кеңешинин акыркы жыйынынан кийин жиберген маанилүү билдирүүлөрүн жана белгилерин чогулттук»,- деди.

Түркия менен диалогду жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн байланыштардын маанилүүлүгүн ырасташкандарын билдирген Боррелл, Түркия менен Грециянын ортосундагы иликтөөчү сүйлөшүүлөргө токтолуп, эки өлкө ортосундагы деңиз талаштарынын  чечүүчү жолу Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Деңиз Мыйзамынын (UNCLOS) негизгинде табылса боло турганын жактады.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун өткөн жумада Бельгиянын борбору Брюсселге жасаган иш сапарында ЕБ тарабынан кандай маалыматтар кабыл алынып, кандай маалыматтар билдирилгени суралган Боррелл: «2020-жылы биз мамилелерибизди кыйындаткан маселелердин бардыгын карап чыктык. Эки тарап тең аларды чечүүнүн мыкты жолун көрүүнү, көйгөйлөрдү бөлүшүүнү, биргелешип иштөөнү жана жакшы коңшулук темасын жакшыртуу боюнча бирдей пикирде болушту.Өткөн жайда жана күздө карым-катнаштарыбызга зыян тийгизген темалардын учурубузда токтогонун айтуу мени кубандырат.  Учурда Түркиянын кемелери жана издөөлөрү жок. Эки тарап тең келишимдерге жетишүү үчүн ушул оң жылышты улантууга жана оң түрдө пайдаланууга макулдашышты.

Түркия-Греция (иликтөөчү) алдын ала сүйлөшүүлөрдү баштады. Февраль айынын ортосунда же аягында Кипр маселесин чечүү боюнча сүйлөшүүлөр башталат деп үмүттөнөбүз. 2020-жылдагы бардык маселелер татаал болгон. Жакшы атмосфера түзүү үчүн Кипр жана деңиз укуктары сыяктуу бардык маселелерде токтоолук талап кылынат»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар