Түркияда бир күндө 140 киши коронавирустан каза болду

Бир күндө 148 425 тест жасалып 684 жаңы учур катталды.

1570042
Түркияда бир күндө  140 киши коронавирустан каза болду

Түркия коронавирус менен күрөшүүнү улантууда. 24 саатта Түркияда каза болгондордун саны 140 болду. 

Эпидемиянын башынан бери коронавирустан каза болгондордун саны 25073кө жетти. 

Бир күндө 148 425 тест жасалып 684 жаңы учур катталды. Бир күндүк бейтап саны 5 277 болду. 

Ооруканадан айыгып чыккан 5860 киши менен айыккандардын жалпы саны 2 миллион 307 721ге жогорулады. 



Тектеш кабарлар