Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 144 киши көз жумду.

1569692
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 144 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 24 миң 933 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 152 миң 758 тест жасалып, 723 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 5 миң 856 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 5 миң 811 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 301 миң 861ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар