Министр Акар Стамбул фрегатын деңизге түшүрүү аземинде сөз сүйлөдү

Акар: «Грециядан укуктарыбызды урматташын күтөбүз»

1569650
Министр Акар Стамбул фрегатын деңизге түшүрүү аземинде сөз сүйлөдү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Греция менен өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдө маселелердин укук, мыйзам жана акыйкаттыктын негизинде каралышын жана чечүүчү жолдун табылышын үмүттөндүргөндөрүн айтты.

Хулуси Акар, Стамбулдагы кеме верфинин командирлигинде MİLGEM (Улуттук кеме) долбоорунун 5-кемеси болгон Стамбул (F-515) фрегатын деңизге түшүрүү аземинде сөз сүйлөдү.

Өзгөчө Греция менен болгон карым-катнаштарда ар дайым достук жана жакшы коңшулук мамилелерди колдогондорун баса белгилеген Акар: «Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө маселелердин укук, мыйзам жана акыйкаттыктын чегинде каралышын жана чечүүчү жолдун табылышын үмүттөнөбүз. Өзгөчө аймактык шарттар өкүм сүргөн жарым-жартылай жабык Эгей деңизинде өлкөбүздүн өтө маанилүү укук жана кызыкчылыктары бар. Бул деңизде аймактык суулардын жана өлкөбүздүн ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн эркиндиги жана ачык деңиздерге чыгууну чектей тургандай түрдө бир тараптуу түрдө кеңейтилбеши темасындагы мамилебиз белгилүү. Бул мамилебизде эч кандай өзгөрүү болгон жок. Ушул алкакта коңшубуздан күтүүбүз Түркиянын Эгейдеги, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги укуктарына, мыйзамдарына урмат-сый көрсөтүшү жана түшүнбөстүктөргө себеп боло болгон билдирүүлөр менен кыймылдардан баш тартып алыс туруусу»,-деди.



Тектеш кабарлар