Эрен - 3 Агры тоо операциялары башталды

Операцияга 1040 аскердик кызматкер катышууда.

1569447
Эрен  - 3 Агры тоо операциялары башталды

 

Ички иштер министрлиги 1040 аскердик кызматкердин катышуусу менен Эрен  - 3 Агры тоо  операциясынын баштатылгандыгын билдирди.

ПКК жикчил террордук уюмду толугу менен өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймакта бар экендиги аныкталган террористтерди жок кылуу үчүн биринчиси Агрыдагы Тендүрек  тоосунда экинчиси Диярбакырдын Лиже тоосунда баштатылган  Эрен операцияларынын уландысы Агры тоолорунда жүргүзүлүүдө.

Операцияга жандармерия десанттыгы,  Жандармериянын атайын операциялар, Полициянын атайын операциялары жана Коопсуздукту коргоочу командалардан турган 1040 аскердик кызматкер жана 59 ыкчам топ катышууда.



Тектеш кабарлар