Диярбакырдын ЮНЕСКО даярдыгы

Диярбакыр губернатору Мүнир Каралоглу 2021-жылдын Диярбакыр жылы болушун каалагандарын айтты.

1565498
Диярбакырдын  ЮНЕСКО даярдыгы

Диярбакыр губернатору Мүнир Каралоглу 2021 - жылдын Диярбакыр жылы болушун каалагандарын белгилеп, ЮНЕСКОнун жаратман шаарлар желесине кайрылууга  даярданып жатышкандарын айтты.

Каралоглу маегинде «Месопотамиянын алтын үч бурчтугу» деп аталган Диярбакыр, Мардин жана Шанлыурфа болбостон  цивилизация, ишенич жана гастрономия тарыхынын жазылбай тургандыгын баса белгиледи.

Каралоглу эми чоң турлардын Диярбакыр, Мардин жана Шанлыурфаны камтыган турларды сата баштагандыгын белгиледи.

Губернатор Каралоглу : "Биз 2021 - жылдын Диярбакыр жылы болушун каалайбыз. Жаратман шаарлар желесине кайрылууга   олуттуу даярдык көрдүк. Губернаторлук, Диярбакыр шаардык мэриясы, Соода - өнөр жай кабинети, Кол өнөрчүлөр  биримдиги,  бейөкмөт уюмдар жана туризм сектору менен кызуу иштешип жатабыз",- деди.  

 

 



Тектеш кабарлар