Чавушоглу менен Маас биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас менен борбор шаар Анкарада биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

1566057
Чавушоглу менен Маас биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү
Mevlut Çavusoğlu - Heiko Maas 02.jpg
Mevlut Çavusoğlu - Heiko Maas 01.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европадан келип жаткан позитивдүү кадамдардын натыйжасында (ЕБ менен мамилелерде) позитивдүү маанайда тургандыктарын айтты.

Мевлүт Чавушоглу Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас менен борбор шаар Анкарада биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу алдыдагы мезгилде Германия менен эки тараптуу диалог механизмдерин жандандырууга макулдашкандарын билдирди.

Түркия-ЕБ карым-катнаштарына баа берген министр Чавушоглу: «Биз Европадан келип жаткан позитивдүү кадамдардын натыйжасында (ЕБ менен мамилелерде) позитивдүү маанайда турабыз»,-деди.

Грециянын НАТОнун алкагында түзүлгөн механизм жыйындарына катыша баштаганына кубанычта экендиктерин баса белгилеген Чавушоглу: «Түркия катары биз баардык жолугушууларга катыштык. 25-январда Греция менен иликтөөчүлүк жыйналыштары башталат. 60-турда эмнелерди сүйлөшкөн болсок, 61-турда да ошол эле темаларды сүйлөшөбүз»,-деп айтты.

Германиянын тышкы иштер министри Маас болсо: «Мен Түркия менен ЕБнин ортосундагы мамилелердин тереңдешине ишенем»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар